Шайлоого аралашкандыгы үчүн Лейлек районунун акими Рахманкулов кызматтан бошотулду

  • 2 года мурун

Алдыдагы парламенттик  шайлоого аралашкандыгы үчүн Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызматтан бошотулду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүн, 27-октябрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   

Лейлек районунун акими кызматынан бошотулду, ошондой эле Исфана шаарынын мэрине сөгүш берилди.

“Президенттин шайлоону таза өткөрүү демилгесин ишке ашыруу багытында кайсы бир бийлик өкүлү шайлоого аралашканы, добуш сатып алгандар же добуш сатканын далилдер менен кармаган укук коргоо кызматкерлерине сый акы да уюштуруп жатабыз” деди Акылбек Жапаров.

Президент Садыр Жапаров мындан ары шайлоолор таза өтүп, административдик ресурт колдонуу таптакыр болбойт деп 21-октябрда башталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын республикалык кеңешмесинде белгилеген.

28-ноябрь Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты