Бир катар шаар мэрлери жана район акимдери алмашты
- 2 недели мурун
Бир катар шаарлар менен райондордун мэрлери жана акимдери алмашты. Кызматтан бошотуу жана жаңыларын дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Москва району:
Чүй облусунун Москва районунун акими Ниязбек Козуев кызматынан бошотулду.
Илияз Ташбаев Москва районунун акими болуп дайындалды.
Ала-Бука району:
Руслан Айтбаев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими кызматынан бошотулду.
Темирболот Абыкеев Ала-Бука районунун акими болуп дайындалды.
Базар-Коргон району:
Талантбек Эдилов Жалал-Аад облусунун Базар-Коргон районунун акими кызматынан бошотулду.
Алтынбек Бектуров Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды.
Нарын шаары:
Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу кызматынан бошотулду.
Жылдызбек Беккелдиев Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды.
Кара-Көл шаары
Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев кызматынан бошотулду.
Эдилбек Тажимырзаев Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды.
Майлуу-Суу шаары
Майлуу-Суу шаарынын мэри Алтынбек Жумаев кызматынан бошотулду.
Алмаз Байгазиев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды.
Сүрөт: president.kg




