Министрлер кабинетинин төрагасы Баткен облусуна барды

  • 4 дня мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапар менен Баткен облусуна барды. Ал Лейлек районундагы бир катар объектилерди кыдырды.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды.

МинКаб башчысы Лейлек районунун жалпы дарыгердик практика борборунун абалы менен таанышып чыкты. Маалым болгондой 2025-жылы терапия бөлүмү авариялык абалга келгендиги үчүн бөлүм жабылып, негизги имараттын экинчи кабатына көчүрүлгөн. Ошондуктан дарыгерлер неврология жана терапия бөлүмү үчүн өзүнчө имарат куруу зарылчылыгын айтышты.

Касымалиев Кулунду айыл аймагынын Булак-Башы  айылындагы “Мега Газоблок Кейжи” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Немис технологиясы менен автоклав газоблокторун чыгаруучу завод, экологиялык таза курулуш материалын чыгарууда. Завод күнүнө 1200 куб метрге чейин сапаттуу автоклавдык газоблок чыгара алат. Бул өндүрүш чек арадагы айыл үчүн экономикалык жактан өсүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Ошондой эле Кулунду айыл аймагындагы Раззаков жана Максат айылдарынын курулушу менен да таанышып чыкты. Турукташтыруу фондунан Раззаков айылындагы жаңы конушту ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын монтаждоо үчүн 39 миллион  сом, ал эми Максат айылына 15 миллион сом бөлүнүп, учурда ичүүчү таза суу жана канализация системасы пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары Раззаков айылына 2,4 чакырым жолго асфальт төшөө иштери аяктап, бүгүнкү күндө кошумча латок жана бардюрлар коюлууда. Ал эми Максат айылына 1км 120 метр асфальт төшөө үчүн 1км 120 метр жолдун негизи бүткөн. 

Ошондой эле МинКаб башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди. Аталган айылдарга көчүп келген жарандар үчүн бардык шарттарды түзүү зарылчылыгын белгиледи.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты