Жаныбек Исаков Жумгал районуна аким болду
- 5 месяцев мурун
Жаныбек Исаков Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Жаныбек Исаков буша чейин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Кадамжай районунун акими болуп иштеген.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




