Абанын булганышы: Бишкек бүгүн дүйнөдө 76-орунда
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 16-декабрда, жергиликтүү саат боюнча 8:54кө карата Бишкекте абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде AQI⁺ АКШ 52, орточо деңгээлде. Абанын булганышы боюнча дүйнөдөгө шаарлардын арасында 76-орунда.

iqair.com
Ал эми абасы булганыч келген дүйнөдөгү рейтингдеги 16-декабрдагы он шаардын катарында: Бангладештин Дакка шаары, Индиянын Дели, Колката, Мумбай шаарлары, Пакистандын Лахор, Карачи шаарлары, Монголиянын Улан-Батор шаары, Непалдын Катманду шаары, Вьетнамдын Ханой шаары, Бахрейндин Манама шаары бар.
11-декабрда саат 20: 52ге карата Бишкек дүйнөдөгү абасы булганыч 10 шаардын ичинде сап башында турду. Мындагы абанын сапаты 292 AQI⁺ же эң булганыч деген шаарлардын биринчиси болгон.
Иллюстрациялык сүрөттө: Бишкек. Интернет булактарынан