Абактан кат: Равшан Жээнбеков СИЗО-1де саясий туткундар үчүн атайын блок ачылганын айтты

Бишкектеги абакта, СИЗО-1де саясий туткундар үчүн атайын блок ачылганын камакта жаткан Равшан Жээнбеков билдирди.

Равшан Жээнбеков мындай деп жазды:

-Мен үчүнчү ирет түрмөгө камалып жатам, ошондуктан бул жер кандай экенин жакшы билем. Мурда атайын блокто өмүр бою эркинен ажыратылгандар, диний экстремисттер жана террористтер жатчу.  Эми алардын экинчилерин жоюп, саясий блок түзүштү.

Саясий блок үчүнчү кабатта, оң жакта жайгашкан. Анда 20 камера, темир тордон темир тор, чоңойтуп көрсөтүүчү видеокамералар менен шыкакталган. Бул блокко түрмөнүн ар бир кызматкери эле кире албайт. Түрмөдө “эгер шарт болсо, түрмөгө таңканы деле алып киришмек” деп айтылат. Бирок бул сөздүн аталган блокко тиешеси жок. Себеби бул блокто азыркы режимдин атаандаштары жатат. Алар үчүн баары мыйзамдуу болушу керек. Мындайча айтканда, түрмөнүн ичиндеги түрмө. Мындай түрмө режими башка бардык түрмөдөн айырмаланат, эрежелер — катаал.   

Саясий туткундар бул блокто мыйзам, эреже боюнча кармалып турушу керек, бирок алар өздөрү бул мыйзам, эрежелерди карманышпайт. Мисалы, эгерде, бул жакта тинтүү жүргүзүлсө, Украина шаарларын Орусия бомбалагандай кылышат, тинтүүнүн протоколун же актысын түзүшпөйт.  Саясий туткунга алынгандарга жолугушууга уруксат беришпейт, ал эми мыйзам боюнча жолугушууга уруксат бериш керек. Тергөөчү сотко шилтеп жиберет, сот Кемпир-Абад чечиминдей чечим чыгарат.

Мурда түрмөдө баары үчүн бирдей шарт түзүлчү, ал эми азыр андай эмес. Азыр, эркиндиктегидей эле, мыйзам жана эрежелер атаандаштар үчүн иштейт, ал эми өз кишилер үчүн башкача. Бул блокто үн баскыч иштеп турат, биз чыгып кетип, ары-бери басып же кат-кат текшерүү, күзөт турганына карабай,  тоскоолдуксуз телефон алып кире тургандай.

Кыскасы, бул камерадагы эрежелердин түрмөнүн башка бөлүктөрүнө салыштырмалуу айырмасы чоң. Бийлик акыры саясий туткундар үчүн мурда болбогон түрмөдөгү блокту түздү.

Экинчи жагынан бул деле ушундай болушу шарт окшойт. Өлкөдө сөз эркиндигине, демократияга болуп көрбөгөндөй басым жүрүп, саясий атаандаштарды куугунтуктоо күч алып жатпайбы. Эгер өлкөдө ошондой болуп жатса, түрмөдө да ошондой өзгөрүүлөр болушу керек да. Атаандаштар үчүн атайын түрмө болушу шарт. Саясий куугунтукка алынгандардын саны көбөйөт, себеби авторитардык бийлик репрессиясыз жашай албайт.  

Мына ошентип, биринчи жолу Кыргызстанда саясий камакка алынгандар үчүн түрмөдө блок ачылды. Садыр башкалар менен чогуу түрмөгө отурган, анын шарттары башкалардыкы менен бирдей болгон. Бизге окшоп, саясий туткундардыкындай, айырмаланчу эмес. Ал 210-камерада жаткан. Ошондуктан анын WhatsApp топторду ачууга мүмкүнчүлүгү болгон.

Равшан Жээнбеков, атаандаш жана саясий туткун, СИЗО-1. 26.12.22

Бүгүн, 26-декабрда, Бишкек шаардык сотунда саясатчы Равшан Жээнбековдун, Бектур Асановдун баш коргоо чарасы каралды. Аларды 20-февралга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечими күчүндө калтырылды.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активисттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынган. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Кийин алардын бардыгынын баш коргоо чаралары дагы эки айга узартылган.

Массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан 19 адам ачкачылык жарыялады.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты