Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

  • 8 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 28-29-августта Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

28-августта көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

28-29-августта абанын температурасы төмөндөйт:

-Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 18…23°;

— Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 17…22°;

— Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 21…26°;

-Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 13…18°;

— Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде 0…-2° үшүк, күндүз 13…18°. Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз 1…6° ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты