90 млн сомдон ашык карыздар төлөндү. “Ысык-Ата” санаторийи реконструкциядан кийин ачылды
- 2 года мурун
Президент бүгүн, 17-декабрда, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы реконструкцияланган “Ысык-Ата” санаторийинин ачылыш аземине катышты.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Эгемендикке ээ болгон мезгилде бул санаторий Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын карамагында болуп, олуттуу оңдоо-калыбына келтирүү иштерине көңүл бурулбай, дээрлик каралбай калгандыктан, 1930-1960-жылдар аралыгында курулган имараттар авариялык абалга келген. Ал тургай Бүткүл Союзга белгилүү болгон курорт талкаланып, тонолуп, жер тилкелери ар кандай жолдор менен менчиктештирилип кеткен. Тилекке каршы, мындай жагдай Профсоюздун карамагындагы бардык курорттордо орун алганын мамлекет башчы белгиледи.
Садыр Жапаров санаторий президенттин иш башкармалыгынын көзөмөлүнө өткөндөн кийин масштабдуу реконструкциялоо жана курулуш иштери башталганын, ошондой эле жеке менчикке мыйзамсыз өткөн объекттер мамлекетке кайтарылганын айтты.
Санаторийдин карыздары: салыктык чегерүүлөр, социалдык фондго төгүмдөр, керектелген электр энергиясы үчүн төлөөлөр жана кызматкерлердин эмгек акысы боюнча жалпы суммасы 90 миллион сомдон ашык карыздар төлөнүп, жоюлду. Президент санаторийдин ишмердигинде ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөшүү үчүн ачкыч карталары бар электрондук тейлөө тутуму киргизилгенин айтып берди.
Мындан сырткары, каттоо кеңсеси, 4 ысык булак бассейни оңдолуп-түзөлүп, клиниканын капиталдык ремонту бүткөрүлдү, бир нече корпус реконструкцияланды, имараттарга жаңы эмеректер сатылып алынды. Ошондой эле футбол аянтчасы, балдар ойной турган заманбап аянтча, амфитеатр курулду.
Сүрөт: president.kg




