90 миң куту жасалма «Orbit» сагызы өрттөлдү (видео)
- 2 недели мурун
- Видео
Салык кызматынын кызматкерлери 90 миң куту «Orbit» контрафакттык сагызын өрттөп, жок кылышты. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, жок кылуу процесси ведомстволор аралык комиссиянын, ошондой эле «Orbit» товардык белгисинин укук ээлеринин катышуусунда өткөн. Соттун чечимине ылайык, контрафакттык продукция Бишкек шаарына жакын таштанды төгүүчү жайлардын биринде, атайын меште (инсинератор) өрттөө жолу менен жок кылынган.
Салык кызматы аталган контрафакттык продукция Бишкектеги базарлардын биринен тартылып алынганын билдирди.
«Салык кызматы Кыргыз Республикасынын аймагындагы эсепке алынбаган товарларды аныктоо боюнча иштерди улантат»,- деп айтылды маалыматта.
Сүрөт: Салык кызматынын басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!