Жапаровдун ишин кайра кароого жаңы жагдай

Жапаровдун ишин кайра кароого жаңы жагдайСадыр Жапаровдун инин кайра кароого Бишкек шаардык прокуратурасы жаңы жагдай чыкты деп тапты. Бул тууралуу саясатчынын жактоочусу Шарабидин Токтосунов кабарлады.

Жаны жагдайлар бийликтин кысымынан улам күбөлөр туура эмес, Жапаровго каршы көрсөтмо бергени тууралуу видеокайрылуу жасашты.

“Райондук прокуратура 1-декабрга чейин жаңы жагдай боюнча кароо үчүн ишти райондук сотко жибериши керек» деди Токтосунов.

29-августта Биринчи май райпрокуратурасы Жапаровдун ишин кайра кароого негиз жок деп тапса, жактоочунун арызынан кийин, шаар прокуратурасы бул боюнча чечимди 26-ноябрда чыгарарын билдирген.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг уюштурган жана ал кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган. Биринчи Май райсоту Жапаровду 2017-жылдын 2-августунда Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан.

Чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Айыпкер өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептээрин айтып келет.

Анда кармалган 12 кишинин ону абактан чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты