8,5 млн сомдук темир жол мамлекеттин балансына алынды

  • 1 год мурун

Кыргыз транспорт прокуратурасы тарабынан «Кыргыз темир жолу», «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ысык-Ата филиалынын жана Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтү менен бирге жүргүзүлгөн текшерүүдө Ивановка станциясынын аймагында «С» ЖЧКсы пайдаланып келген узундугу 1182,5 метр болгон №200 жана узундугу 59 метр №201 жалпы эмес пайдалануудагы темир жолдору аныкталган.

Бирок «С» ЖЧКсында бул темир жолго укугун ырастаган документтери жок болуп чыккан.

Ошондой эле Ысык-Ата районунун Кадастр мамлекеттик ишканасынын филиалынын жана Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн маалыматтары боюнча бул темир жолдордун менчик ээлери тактала элек.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен көзөмөл органы тарабынан прокурордук талап келтирилип, сметалык баасы 8 млн 595 миң 605 сомду түзгөн №200 жана №201 темир жолдору «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын балансына алынды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты