Жапония Кыргызстанга 1 млн доллар гранттык жардам берет

  • 2 года мурун

Жапониянын өкмөтү кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан улам Кыргызстанда гуманитардык кырдаалдын начарлаганына байланыштуу Кыргызстанга 1 миллион доллар өлчөмүндө гранттык жардам берет. Бул тууралуу Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапония БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарлыгы менен биргеликте азык-түлүк, баш калкалоочу жай жана азык-түлүктөн тышкары товарлар жаатында гуманитардык жардамдары берип келет.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында кайрылуу жасап, Тажикстан агрессия кылганын белгилеген.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 63 кыргызстандык набыт болду.  200дөн ашык киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты