600 миңден ашуун кыргызстандыктын жеке маалыматы уурдалды. “Азаттыктын” атайын иликтөөсү

“Team Insane Pakistan” деген аталыштагы хакердик топ 22-майда 630 миңден ашуун кыргыз жарандарынын жана ишканалардын жеке маалыматын уурдаганын Фейсбук жана Телеграмга жарыялады. Хакердик топ бул аракетти 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдик студенттерге зордук-зомбулук жасалган окуяга карата “протест катары жасалган иш” деп түшүндүргөн. «Азаттык» бул боюнча атайын иликтөө жарыялады.

“Азаттык” бул чабуул боюнча атайын иликтөөсүн жарыялап, Интернетке 560 434 кишинин, 70 587 ишкананын маалыматтары жарыяланганын аныктады.

Team Insane Pakistan хакердик тобу Азаттыкка gov.kg сайтынын субдоменин бузуп кирип, 500 миңден ашуун жеке маалыматтарды алышканын билдиришкен. Ошондой эле алар тизмени Кыргызстандын Жогорку сотунун сайтынан алышканын жазган. Жогорку соттун өкүлү ал айткандарды четке каккан.

Тизмеде жөнөкөй жарандардан тарта, бийлик башчыларынын, депутат-министрлердин, саясатчылардын, ишкерлердин, өлкөнүн кибер коопсуздугу жана санарип өнүгүүсүнө жооптуу болгон жетекчилердин жеке маалыматтары бар.

Team Insane Pakistan тобу жарыялаган тизмедеги адамдардын аты-жөнү Кыргызстанда учурда жана мурда мамлекеттик кызматты аркалаган аттуу-баштуу адамдардын ысымдарына дал келген ондогон мисал бар.

Маселен, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын үч орун басары Адылбек Касымалиев, Камчыбек Ташиев, жана Эдил Байсалов, салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, депутаттар Элдар Абакиров, Балбак Түлөбаев, экс-депутаттар Адахан Мадумаров, Абдывахап Нурбаев, экс-президент Алмазбек Атамбаев, мурунку өкмөт башчылардан Жоомарт Оторбаев, Өмүрбек Бабанов, экс-министрлер Тайырбек Сарпашев, Накен Касиев, укук коргоочу Атыр Абдрахматова, экс-министр, ишкер Тилек Токтогазиев ж.б. бар.

«Азаттык» жарыялаган иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты