Самат Курманкулов Чүй ИИБ башчысы болду

Самат Курманкулов Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. С. Курманкулов мурда Бишкек шаардын ИИБ башчысы болуп иштеген.

Бүгүн, 26-июнда, Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каныметов аны облустук кызматкерлереге тааныштырганын облустук ИИБ билдирди.

Айта кетсек, мурдагы обл. ИИБ жетекчиси Нурлан Сарчаев Жайыл ИИБинде кыз ала качуудан жабыркаган Бурулайдын өлтүрүлгөндүгүнөн улам кызматтан алынган. Ал окуяда бардыгы болуп 23 милиция кызматкери жазаланган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты