COVID-19: оору жуккан учур катталган жок

  • 2 года мурун

Кыргызстанда 22-апрелге карата COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Акыркы суткада 11 бейтап илдеттен айыгып чыкты. Каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө ооруканада үч бейтап, үй шартында 26 киши дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 983 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 371 киши айыгып чыкса, 2 миң 991и каза болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты