Кыргызстанда эки күн катары менен COVID-19дун жаңы учуру катталган жок

  • 2 года мурун

Кыргызстанда 5-апрелге карата COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Акыркы суткада илдеттен 9 адам сакайып чыкты. Каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарда 91 бейтап, амбулатордук түрдө 41 киши дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 968 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 257 киши айыгып чыкса, 2 миң 991и каза болду.

Белгилей кетсек, 4-апрелде да өлкө боюнча коронавирустук инфекциянын жаңы учуру катталган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты