Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан экспорттоого киргизилген чектөөнү алып салды

  • 2 года мурун

Орусия 1-апрелден тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан экспорттоого киргизилген чектөөнү алып салды. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, экспорт үчүн Орусиянын Айыл чарба министрлиги берген уруксат кагазы болушу керек. Азырынча бул кагаз кандай шартта берилери тууралуу атайы жол-жобо иштелип чыга элек.

Белгилей кетсек, 15-мартта Орусия өкмөтү өлкөдөн дан азыктарын чыгарууга 31-августка чейин тыюу салган. Кыргызстан дан азыктарын Орусиядан жана Казакстандан сатып алат.

Улуттук статистика комитеттин маалыматына ылайык, 2021-жылы Кыргызстан Орусиядан буудайды көп алган.

Жалпысынан 2020-жылы 35 миллион долларга, 2021-жылы 51 миллион долларга буудай импорттолгон.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты