55 кабаттуу борбор курулмакчы. Мезгил кутусу салынды
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров 15-мартта Бишкек шаарындагы мурда «Ак кула» ат майданы жайгашкан жерде “Роял Сентрал Парк” (Royal Central Park) көп функционалдуу комплексин курууга мезгил кутусун салуу аземине катышты.
Президент Бишкек шаары өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий борбору катары дүйнө жүзүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн толкунунда, жаңы экономикалык рынок шарттарында өз жолу менен өнүгүп баратканын белгиледи.
“Өзүңүздөр билгендей, бул жердеги шаар сыртына көчүрүлгөн мурдагы “Ак кула” ат майданынын ордуна турак-жайлар, бизнес, соода борборлору, социалдык объектилер, парк аймактары камтылган комплекс салынганы турат” деди президент.
Мамлекет бышчы өткөн жылы өлкөнүн Министрлер Кабинети чет өлкөлүк инвестициялык компания менен Бишкекте шаар комплексин куруу долбоору тууралуу инвестициялык макулдашууга кол койгонун эске салды.
“Бүгүн мына ошол 3 миллиардга жакын АКШ долларына бааланган инвестициялык долбоорду ишке ашырууга бел байлап олтурабыз. Мурдагы ат майдан ээлеген аймакка 23 миң батир, 45 миң чарчы метр эл аралык соода түйүнү, коммерциялык жана кеңсе жайларына арнала турган 55 кабаттуу борбор курулмакчы. Мындан сырткары, мектеп, оорукана, мейманкана баштаган социалдык объектилерди салуу дагы каралган. Болочоктогу шаарчанын аймагында сейил бак, жасалма көл курулуп, жашыл аянтчалар менен көрктөндүрүлөт” деп белгиледи Садыр Жапаров.
23 миң батир үчүн 25 миң унаа токтотуу жай дагы эске алынууда. Жалпысынан бул шаарча 60 миң адам үчүн ылайыкталат.
Мына ушул долбоорду шаар куруу жана дизайн боюнча дүйнөдө аты белгилүү жапондордун “Никкен Секкей” (Nikken Sekkei) архитектуралык фирмасы иштеп чыккан. Ал эл аралык рыноктордо талап кылынган жогорку сапаттагы жашоо мейкиндиктерин түзүүгө адистешкен.
Сүрөт: president.kg