Кар калың жаагандыктан Ысык-Көлдөгү айрым ашуулар убактылуу жабылды

  • 2 года мурун

24-мартта кар калың жаагандыктан, Ысык-Көл облусундагы айрым ашуулар убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 24-марттан 26-мартка чейин Каракол – Эңилчек унаа жолунун 38-112-чакырымында убактылуу жол жабылып, тозот коюлду.

Мындан сырткары Чоң-Ашуу ашуусунда калың жааган кар жолду жаап калган. Аймакта бороон-чапкын болуп жаткандыгына байланыштуу тазалоо иштери токтотулду.

22-мартта Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон — Ак-Шыйрак — Сөөк ашуусуна каттаган автоунаа жолунун төрт тилкесинде 10 миң м3 кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Тазалоо иштери жүрүүдө. Түп – Кеген унаа жолу эки тараптуу жабылган. Учурда жол тазаланып жатканы кабарланды.

ӨКМ билдиргендей, жабыркагандар катталган жок. Бардык жерде жергиликтүү жол тейлөө мекемелеринин техникалары тартылып, иш алып барууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты