Орусия ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн буудайга квота бермей болду

  • 2 года мурун

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө Орусиядан буудай сатып алууга квота берилет. Бул тууралуу бүгүн 23-мартта Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Элдар Алишеров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 25-мартка чейин ар бир өлкө буудайга болгон суроо-талабы боюнча орус тарапка маалымат бериши керек.

“Уюмга мүчө өлкөлөр азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча буудай өндүрүү жана керектөө көрсөткүчтөрүнүн балансы тууралуу маалымат бериши керек болот. Орус тарап ошонун негизинде ар бир өлкө үчүн квота аныктайт”, — деди Элдар Алишеров.

Алишеров билдиргендей, буудай боюнча квотага ЕАЭБдин Казакстандан тышкары бардык мүчөлөрү муктаж. Казакстан буудай менен өзүн өзү камсыз кылып, жылына 6 миллион тоннаны экспортко чыгарып турат.

Белгилей кетсек, 15-мартта Орусия өкмөтү өлкөдөн дан азыктарын чыгарууга 31-августка чейин тыюу салган. Кыргызстан дан азыктарын Орусиядан жана Казакстандан сатып алат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты