Кыргызстанга Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 58 өрт өчүрүүчү унаа алынып келинди

  • 2 года мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен Кыргызстанга акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү унаа алынып келинди.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, атайын техника Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен алынып, “Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында ишке ашты.

Орусиядагы заводдон чыгарылган өрт өчүрүүчү автоунаалардын биринчи партиясы былтыр декабрда келген.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эл аралык донорлор аркылуу Кыргызстанга 80ден ашык өрт өчүрүүчү техника, эки тик учак жана кошумча жабдыктар гранттык негизде келерин билдирген.

Мындан тышкары Кытайдан алты мобилдик госпитал, 100гө жакын өрт өчүрүүчү техника бекер берилерин айткан.

2021-жылы Кыргызстанда үч миңдей өрт кырсыгы катталып, 40ка чукул киши каза болгон. Өлкө боюнча 200дөй машине, 2 миңдин тегерегинде өрт өчүрүүчү бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты