Бекешев: президент саламаттык сактоо министринин жүрүм-турумуна реакция кылышы керек

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 17-марттагы жыйынында өлкө жетекчилерин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коомдук жайлардагы жүрүм-туруму, башка кесиптештери тууралуу айткандары боюнча чара көрүүгө чакырды.

«Жарандар бийлик эмне кылып жатканын карап турат. Эгер бийлик өкүлдөрү кимдир бирөөгө каршы чыгып, белгилүү, урматтуу дарыгерди кемсинтүүгө барса, башкалар дагы ошондой кылат. Саламаттык сактоо министри чектен чыгып, өзүн адаттан тыш алып жүрсө, ага президент реакция кылыш керек. Болбосо президент дагы ошондой ойдо деп калышат», — деди эл өкүлү.

Ушул эле маселени депутат Кундузбек Сулайманов да көтөрдү.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 14-мартта Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын билдирген. Аны жетектеп келген 85 жаштагы Акрамов кызматтан алынганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын кошумчалаган.

15-мартта Улуттук госпиталда травматология бөлүмүн ачып жатып, Акрамовду сындап, ал ооруканага атын берүүгө татыктуу эмес экенин айткан.

Ушундан кийин бир катар коомдук ишмерлер, илимпоздор, дарыгерлер жана искусство өкүлдөрү окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамовдун ар-намысын коргоо штабын түзүшкөн. Анын башчылыгына Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова дайындалды. Штабдын өкүлдөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, анын орун басары Эдил Байсаловго кайрылуу жолдоп, Акрамов тууралуу айткан сөзү үчүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жоопко тартууну талап кылышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты