Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Ишенимдүү жеңишиңиз түркмөн элинин сизге болгон ишеничинин жогорку деңгээлин ырастайт. Сиздин жетекчилигиңиз менен боордош Түркмөнстан өзүнүн өнүгүү жолунда чоң ийгиликтерге жетишет деп терең ишенем. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тереңдеп, эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштар эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да бекемдей берет деп ишеним артам. Сизди ыңгайлуу болгон убакытта Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырам», — деп айтылат президенттин куттуктоо жолдомосунда.
Бүгүн, 15-мартта Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 12-мартта өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын ачыктады. Ага ылайык, Түркмөнстандын азыркы президентинин уулу, Демократиялык партиядан талапкер Сердар Бердымухамедов 72,97% добуш менен алдыга чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты