Башкы прокуратура: өзүн жактоочу катары тааныштырып, акча алган жаран кармалды

  • 2 года мурун

Нарын шаардык прокуратурасы өзүн жактоочу катары тааныштырып, 6 миң доллар өлчөмүндө акча алган жаранды кармады.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, тергөөнүн жүрүшүндө И.к.С. аттуу жаран өзүн жактоочу катары тааныштырып, И.Г.С. аттуу жарандан облустук соттон тууганына карата оң чечим чыгартып берүүнү убадалап, 6 миң доллар өлчөмүндө акча алганы аныкталган.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, И.к.Снын адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензиясы жок экендиги такталды.

Кармалган жаран Нарын шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты