Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын президенти болуп шайланды

  • 2 года мурун

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 12-мартта өткөн мөөнөтсүз президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкканын кабарлады.

БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов шайлоочулардын 72,97%ынын добушуна ээ болуп, жеңишке жетти.

Шайлоого жалпы тогуз талапкер катышкан.

«Түркмөнстандын Шайлоо кодексине ылайык жана Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомунун негизинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сердар Бердымухамедов өлкө президенти деп таанылды», — деп жазылат БШКнын маалыматында.

Гурбангулы Бердымухамедов 11-февралдагы Элдик Кеңештин кезексиз жыйынында «жаш лидерлерге мамлекеттик башкарууга жол берүү ниетин» айтып, жогорку мамлекеттик кызматтан кетерин кыйыткан. Мунун артынан эле 12-февралда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрөрүн билдирип, аны 12-мартка белгилеген.

Сердар Бердымухамедов былтыр сентябрда 40 жашка чыккан. Туура бир жыл мурун, 2021-жылдын 11-февралында Сердардын саясий карьерасы тездик менен өсүп, атасы аны бир эле учурда экономиканы караган вице-премьерликке жана өкмөттөгү маанилүү башка дагы бир топ кызматтарга дайындаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты