Президент коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү
- 2 года мурун
Президент Садыр Жапаров 14-мартта өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешмеде дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдан улам келип чыккан маселелер, анын социалдык-экономикалык таасири, өлкөнүн аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалды мындан ары турукташтыруу маселелери каралды.
Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин баяндамалары угулду.
Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан бери доллар кескин кымбаттап, Орусияга карата катаал экономикалык санкциялар киргизилүүдө. Анын таасири Кыргызстанга да тийип өлкөдө бир доллар 103-106 сомго чыкты.
Муну бөлүшүү