Садыр Жапаров ата мекендик бизнес өкүлдөрү менен жолукту

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-мартта ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө» мыйзам долбоору ишкерлерге тааныштырылып, талкууланды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров бул мыйзам долбоору биринчи кезекте көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартууга, активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталганын билдирди. Ошондой эле ал бул мыйзам долбоорунун максаттарын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мамлекеттин саясий эрки жана кепилдиктери жетиштүү экенин белгиледи.

Иш-чарада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев баяндама жасашты.

Жолугушууга айыл чарба, курулуш, туризм жана башка көптөгөн экономикалык ишмердүүлүк тармактарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын соңунда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен ишкерлер тиешелүү ниет протоколуна («мырзалар келишими») кол коюшту.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты