Жапаров: Кыргызстанга чет элдик түз инвестициянын агымы дээрлик 30% өстү

  • 2 года мурун

Кыргызстанга келген чет элдик түз инвестициянын агымы дээрлик 30%га өстү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жамаатына жаңы директор Равшанбек Сабировду тааныштырып жатып билдирди.

Жапаров учурдагы татаал шарттарда инвестицияларды тартуу, республиканын инвестициялык потенциалын жогорулатуу жаатында агенттиктин ишин толугу менен кайрадан карап чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты