Украинадан эвакуацияланган кыргыз жарандарын алып келүү үчүн ыкчам топ Польшага жөнөп кетти

  • 2 года мурун

Украинадан эвакуацияланып, коңшу мамлекеттерге жеткирилген кыргызстандыктарды мекенине алып келүү үчүн Бишкектен Польшага ыкчам топ жөнөп кетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам топ учурда Варшавада иш алып барууда.

«Дипломаттар Польшанын шаарларында кыргызстандык жарандар жайгашкан бардык пункттарды кыдырып чыгышты. Мекендештерге тамак-аш уюштурулуп, жергиликтүү бийлик органдары менен кыргызстандыктардын өлкөнүн аймагында калуусу жана андан ары Кыргызстанга алып кетүү маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле дипломаттар жарандарга мекенине кайтуу үчүн зарыл документтерди тариздөө боюнча консулдук кызматтарды көрсөтүшүүдө.

ТИМдин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 8-мартына карата Украинадан Кыргызстанга Венгрия аркылуу 91 жаран эвакуацияланды.

Польшага 201, Словакияга 20, Румынияга 19; Түркияга 66, Молдовага 21, Чехияга 85 жана Литва менен Германияга 13 кыргызстандык чыгып кетти.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов бүгүнкү күндө аталган өлкөнүн аймагында 100дөн ашык кыргызстандык бар экенин, алардын баары менен элчилик жана ТИМдин Консулдук кызмат департаменти туруктуу байланышта экенин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты