Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон айымдар сыйланды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 7-мартта президент Садыр Жапаров өлкөнүн ар тармакта өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан айымдар менен жолугушуп, аларды майрам менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын катышуучуларына президенттин энчилүү кол сааттары тапшырылды.

Президент жолугушууга эл арасында кадыр-баркка ээ болуп, күнүмдүк турмушта чыныгы баатырдыкты көрсөткөн өз кесибинин мыкты өкүлдөрү чакырылганын белгилеген.

Жолугушууга биринчи айым Айгүл Жапарова да катышты.

Президенттин атайын сыйлыгына ээ болгон айымдардын тизмеси менен бул жерден тааныша аласыз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты