Бишкекте Кыргызстандын сотторунун XII курултайы өтүп жатат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 4-мартта Бишкекте Кыргызстандын сотторунун XII курултайы өтүп жатат. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышууда.

Мамлекет башчы сотторго кайрылып жатып таза иштөөгө, көз карандысыз болууга, күчтүү сот системасын түзүүдө тарыхый милдетин аткарууга чакырды.

Андан тышкары Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин чакырып, соттордун ишине аралашпоого эскертүү берди.

«Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин кызматкерлерине кайрылам. Соттордун ишине кийлигишип, судьяларга кысым көрсөтүп, өзүңөргө керектүү ишти өткөрүү практикаңарды токтоткула. Бул менен катуу эскертүүм болсун. Ар ким өз иши менен алек болушу керек. Эгер силер кызматтык милдетиңерди укук-ченемдерин сактоо менен так аткарсаңар, судьяларга кысым көрсөтүүнүн кажети жок болуп калат. Анткени мыйзам бардыгы үчүн бирдей», — деди президент.

Курултайдын жүрүшүндө президент бир катар сот тармагынын кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты