ЖК УКМКга жарандарды соттун чечимисиз тыңдоого алууга уруксат берүүчү мыйзам долбоорун жактырды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеш 2-марттагы жыйынында улуттук коопсуздук органдары жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Аталган мыйзам долбоорунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) соттун чечимисиз жарандарды тыңдоого алуу жана видео байкоо жүргүзүүгө уруксат берүү сунушталган.

УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков парламенттин тармактык комитетинин жыйынында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин аракеттери тергөө судьясынын чечиминин негизинде болорун билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты