Атыр Абдрахматова акыйкатчы болуп шайланды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеш Акыйкатчы кызматына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын мурдагы орун басары Атыр Абдрахматованы бекитти.

Абдрахматова эл өкүлдөрүнүн теңинен көбүнүн добушун алды.

Акыйкатчы кызматына жалпы төрт талапкер ат салышкан. Алар: Атыр Абдрахматова, Мамат Момунов, Бакытбек Узенбаев, Турсунбек Акун.

Абдрахматованы «Ынтымак», «Ыйман нуру», «Ата Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Бүтүн Кыргызстан» фракциялары сунуштаган. Ага кошуп «Ыйман нуру» фракциясы Маматурайым Момуновдун, Бакытбек Узенбаевдин, «Ынтымак» Турсунбек Акундун талапкерлигин көрсөткөн.

Атыр Абдрахматова 2015-жылы дагы «Республика — Ата-Журт» фракциясы тарабынан акыйкатчылык орунга көрсөтүлүп, өтпөй калган. Андан соң 2020-жылга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп эмгектенген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты