Сумаянын өлүмүнө шектүүнүн акыл-эси жайында деп табылды

  • 2 года мурун

Жалал-Абадда дайынсыз жоголуп, кийин сөөгү табылган тогуз жашар Сумая Хосилжанованын өлүмүнө шектүү жаранга карата дайындалган соттук-психикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, шектүүнүн акыл-эси жайында деп табылды.

Бул тууралуу 24.kg басылмасы Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматына таянып жазды.

«Алдын ала маалыматтарга ылайык, шектүү кыска мөөнөттүү психикалык оорулар менен жабыркайт. Ошентсе дагы аны акыл-эси жайында деп табышты. Учурда тергөө уланып жатат», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Сузакта 18-ноябрдан баштап дайынсыз жоголгон кыздын сөөгү 27-ноябрда Көгарт дарыясынын жээгинен табылган. Аны милиция кызматкерлеринен сырткары 200дөй ыктыярчы издеген.

23-декабрда Сумаянын өлүмүнө шектүү катары 48 жаштагы жаран кармалган. 24-декабрда шектүүгө соттук-психикалык экспертиза дайындалып, Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан психиатриялык ооруканага жаткырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты