Улуттук банк валюта курсунун өсүшүнө байланыштуу дүрбөлөңгө түшпөөнү сунуштады

  • 2 года мурун

Кыргызстандын валюта базары салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева 28-февралда валюта базарындагы кырдаал боюнча өткөн маалымат жыйында билдирди.

Карабаеванын айтымында, Улуттук банк валюта рыногу талап кылса керектүү өлчөмдө интервенция кылууга даяр.

Мындан тышкары ал 1-мартта сомдун эсептик ченин аныктаган маалымат таратыларын билдирди.

Улуттук банктын алтын-валюталык резерви 2 млрд. 764 млн. долларды түзөт жана ал алты айга жетет.

Мекеменин расмий өкүлү Орусиянын банктарынын SWIFT системасынан чыгарылышы мигранттардын акча которууларына эч кандай таасир этпей турганын айтты. Аларды акча которо берүүгө чакырды.

Буга чейин Улуттук банк айрым орус банктарын SWIFT — банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан өчүрүлүү ыктымалдыгына байланыштуу билдирүү тараткан.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын коммерциялык банктарынын көпчүлүгү Улуттук банк аркылуу же түздөн-түз SWIFT системасына туташтырылган. Орусиянын айрым банктарын SWIFT системасынан өчүрүү тобокелдиги Кыргызстан банктарынын кардарларынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты