Президент жарандарды кымбатчылыкка байланыштуу дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылып, жарандарды кымбатчылыкка байланыштуу дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Акыркы күндөрдө эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп кетти. Баарыңыздарга маалым болгондой, күйүүчү майга карата баанын бир топ жогорулоосунан улам, өлкөбүз чоң кыйынчылыктарды башынан кечирүүдө. Ун жана башка дан азыктарынын баалары өтө кымбаттады. Мунун баары республикабызда коронавирус пандемиясынан улам, экономикабыз калыбына келе элек маалда болуп жатат», — деп жазылат билдирүүдө.

Мамлекет башчысы мындан тышкары жакын арада улуттук валюта катуу басымга кабылышы ыктымалдыгын, акыркы кырдаал чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандыктарга терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн эскерткен.

Жапаров Министрлер кабинети каатчылыкка каршы иш-чаралардын планын иштеп чыкканын айтып, өкмөттүн негизги приоритети экономикалык потенциалды мүмкүн болушунча сактап калуу экенин белгидеди:

«Азыр эң башкы максат — элибизди, ар бир үй-бүлөнү азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз кылуу. Ошондуктан бүгүнкү күндө бир да талааны бош калтырбай, эгин айдоо үчүн бардыгын жасап жатабыз. Биз өзүбүздүн айыл чарба продуктыларын өндүрүүнү жана аны кайра иштетүүнү кыйла көбөйтүүгө тийишпиз. Ар бир тамчы суу кымбат, мындай кыйын мезгилде каналдарды, арыктарды тазалоого, болгон нымдуулукту үнөмдөөгө керек болгон каражаттардын баарын бөлдүк».

Андан соң президент ишкерлерге кайрылып, өлкөдө өндүрүштүк ишканаларды ачуу, продукцияларды экспортко чыгаруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле жарандарга Улуттук банктан алтын сатып алып, капиталды алтын түрүндө сактоону сунуштады:

«Биз алтын куймаларын каалаган санда сатып алууну өзгөчө жеңилдеттик. Ар бир валютанын куну качат. Биздин алтындын гана баасы өсөт. Ошол үчүн акчасы бар жарандарыбыз Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар. 1 граммдан баштап, 13 килограммга чейинки алтын куймаларын каалаган көлөмдө сатып алсаңыздар болот, чек жок. Башка өлкөлөргө алып чыгып кетүүгө да чек жок. Керек болсо кайсы убакта болбосун, кайра эле Улуттук банкка сатып жиберсеңиздер болот. Улуттук банк учурдагы базар баасы (кардар сатып жаткан маалда наркы кайсы баада болсо ошол баа) менен сатып алат».

Мындан тышкары ал жакын арада “Мекен чакырыгы” аттуу акы төлөнүүчү коомдук жумуштар программасы ишке кирерин, калктын аялуу катмарына колдон келишинче колдоо көрсөтүлөрү, 1-апрелдин тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендердин айлык акылары көтөрүлөрүн билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты