№53 жаза аткаруу мекемесинин жетекчисинин орун басары пара менен кармалды

  • 8 месяцев мурун

2023-жылдын 17-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК)  Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан арыз ээсине 25 000 сом акча каражатын кайтарып берүү учурунда юстиция министрлигине караштуу №53 ЖАМ мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн башчысы И.А.С. кармалды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

2023-жылдын июнь айында аталган мекеменин кызматкери И.А.С. жаза аткаруу мекемесине кызматка орноштуруу үчүн З.Д.З. аттуу жарандан 40 миң сом сураган жана алдын ала төлөм түрүндө 25 миң сом алган.

Бирок, убакыт өткөндөн кийин, И.А.С. иш менен камсыз кылуу, ошондой эле мурда алынган каражаттарды кайтарып берүү маселесин талкуулоо аракетин ар кандай жолдор менен жокко чыгарып, арыз ээси З.Д.З. менен байланышты токтоткон. Учурда кармалган кызматкер УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

№53 жаза аткаруу мекемесинин жетекчисинин орун басары пара менен  кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты