Facebook Орусиянын мамлекеттик ЖМКларына жарнама жарыялоого тыюу салды

  • 2 года мурун

Facebook Орусиянын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына аталган платформада жарнама жарыялоого жана монетизация кылууга тыюу салды. Бул тууралуу Facebookтун киберкоопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Натаниэль Глейхер «Твиттерде» кабарлады.

«Мындан ары биз Орусиянын мамлекеттик ЖМКларына дүйнөнүн кайсы гана бурчу болбосун, өзүбүздүн платформада жарнама берүүгө жана монетизация кылууга тыюу салабыз», — деп жазды Глейхер.

Орусия 24-февралда Донбасста «атайын аскердик операция уюштуруу» деген жүйө менен Украинага чабуул койгон. Андан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

Москва Украинадагы “демилитаризацияны” токтотууну көздөрүн, Киевдин НАТОго мүчө болушуна каршы экенин билдирип жатат. Украин бийлиги Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп мүнөздөөдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты