Кыргызстандык окуучу программалоо боюнча эл аралык мелдеште алтын байгени жеңип алды

  • 2 года мурун

11-13-февралда Румынияда өткөн Info(1) Cup программалоо боюнча VI эл аралык мелдеште «Сапат» билим берүү мекемесинин окуучусу Айдар Мундузбаев алтын медалга ээ болду.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдешке дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн 16 жашка толо элек 160 окуучу катышкан.

Кыргызстандын атынан Талас шаарындагы «Манас-Ата» лицейинин 9-классынын окуучусу Байторо Майрамбеков, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Айдар Мундузбаев, Бишкек шаарындагы «Кут-Билим» окуу-тарбия комплексинин 9-классынын окуучусу Максат Темирбеков, ошол эле билим берүү мекемесинин 8-классынын окуучусу Исхак Тажибаев барган.

Мелдешке команданы «Сапат» лицейинин мугалими Кылычбек Урайымов жана «Кут-Билим» окуу-тарбия комплексинен Манас Саматов даярдаган.

Кыргызстандык окуучу программалоо боюнча эл аралык мелдеште алтын байгени жеңип алды
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты