Талант Мамытов Федералдык кеңештин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Орусиядагы расмий иш сапарынын алкагында Федералдык жыйындын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Орус парламенттер аралык комиссиясынын X отурумун өткөрүү, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана миграция тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кыргызстанда өтүүсү пландалган Кыргыз-Орус парламенттер аралык комиссиясынын X отурумун ушул жылы уюштурууну сунуштаган.

«Мындан тышкары жолугушууда миграция тармагындагы кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Төрага Талант Мамытов Орусиядагы кыргызстандыктардын укуктук абалын жакшыртуу маселесине токтолуп, Валентина Матвиенкодон Кыргызстандын жарандарынын айрым категорияларын «кара тизмеден» чыгаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө көмөктөшүүнү өтүндү», — деп айтылат маалыматта.

Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко кыргыз тараптын миграция жаатындагы тынчсыздануусун эске алып, бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен иштерди улантууну сунуштады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация 21-февралга Орусияга иш сапары менен барган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты