«Бишкекжарык» ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура «Бишкекжарык» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери мамлекеттик бюджетке 27 млн сомдон ашык зыян келтиргенин аныктаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында ишканадагы товардык-материалдык баалуулуктар системалык түрдө жүргүзүлбөгөндүгү жана мамлекетке 27 млн 189 миң 678 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты