Алай районунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 2 года мурун

Ош облусунун Алай районунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 13-февралда саат 23:41де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Алай районунун Нура айылында 3 балл, Иркештам, Икизяк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты