Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт

  • 2 года мурун

2022-жылдын май айында Бишкек шаарында алгач ирет Евразия экономикалык форуму өтөт. Бул өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) министри Сергей Глазьев 12-февралда форумду уюштурууну талкуулады. Кожошев форумдун күн тартибине киргизүү боюнча Кыргызстандын сунуштарын айтты.

Сергей Глазьев Евразия экономикалык форумунун программалык комитетинин жетекчиси катары бул сунуштарды кароого даяр экендигин ырастады.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, иш-чарага Кытай, Иран, Индия, Түркия, Сербия, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү, Түштүк Америка, Араб мамлекеттери, ошондой эле Европа Биримдигинин айрым өлкөлөрү чакырылат.
Форумдан кийин жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынын өткөрүү пландалууда.

Быйыл ЕАЭБге Кыргызстан төрагалык кылат.

Келишимдерге ылайык, мүчө мамлекеттер ЕАЭБге төрагалык кылуу милдетин алфавит тартибинде бир жыл аткарышат.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты