ЖМК: Март айында Түркмөнстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт

  • 2 года мурун

2022-жылдын 12-мартында Түркмөнстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу орусиялык «РИА Новости» басылмасы Түркмөнстан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жардамчысы Безирген Караевге шилтеме берип жазды.

«Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Боршайком 12-мартта өтө турчу кезексиз президенттик шайлоого даярдыкты баштады», — деп билдирген Караев.

Кечээ, 11-февралда парламенттин жогорку палатасынын кезексиз жыйынында президент Гурбангулы Бердымухамедов бийликти жаштарга өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.

Түркмөн президентинин мындай билдирүүсү анын бийликти уулуна тапшырып берүүгө даярданып жатканы тууралуу кептер айтылып жаткан учурга туура келүүдө. Халк Маслахатынын жыйыны Бердымухамедовдун бийликке келгенинин 15 жылдыгына карата уюштурулган.

Көпчүлүктүн божомолунда, Бердымухамедов бийликти сентябрда 40ка толгон баласы Сердарга өткөрүп берүүгө аракет кылууда. Түркмөнстанда президенттикке талапкерлер 40 жаштан жогору болушу керек. Сердар Бердымухамедов былтыр премьер-министрдин орун басары кызматына дайындалган. Мындан сырткары түркмөн президентинин уулу мамлекеттик коопсуздук кеңшинин мүчөсү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты