Жогорку Кеңеш чек ара маселесин жабык карап жатат

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеш 2февралдагы жыйынында кыргыз-тажик чек ара маселесин жабык карап жатат. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер маалымат берүүдө.

Жыйынга атайын кызматтын төрагасынан тышкары, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана ички иштер министри Улан Ниязбеков келди.

Мунун алдында бир катар депутаттар атайын кызматтын жетекчиси коомчулукта талкуу жараткан, Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына жол куруу тууралуу жазылган №39 протокол жөнүндө түшүндүрмө беришин талап кылышкан.

Буга чейин Камчыбек Ташиев Ворух анклавына жол курууга уруксат берүү маселеси жакынкы күндөрү кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясында караларын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты