«Ынтымак» жана «Ишеним» фракциялары Баткенде көчмө жыйын өткөрөт

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештеги «Ынтымак» жана «Ишеним» фракциялары 5-февралда Баткен облусунда көчмө жыйын өткөрүшөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал, ошондой эле 2021-жылдын апрелиндеги куралдуу кагылыштын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланат.

Бул маселлер боюнча президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Улуттук коопсуздук комитетинин жана министрликтердин өкүлдөрү баяндама жасашат.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган аймакта Министрлер кабинети көчмө жыйын өткөрөрү айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты