Бишкекте коронавирус курмандыктарына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде коронавирус курмандыктарына жана каармандарына арналган «Менин өмүрүм сизден көз каранды» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөдө коронавирус Кыргызстанда жүздөгөн өмүрлөрдү алып кеткен 2020-жылдын июлундагы («Кара июль» аталып калган) бейтаптардын оор абалы жана дарыгерлердин түйшүгү чагылдырылган 50 сүрөт коюлган. Иш-чара 13-январга чейин уланат.

Көргөзмөнү Саламаттык сактоо министрлиги менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги биргеликте уюштурган.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери коронавирустан 2816 бейтап каза тапты. Вирусту жуктургандар жалпы саны 185 667 адамга жетти. Вакцина алгандар өлкө боюнча 1 млн. 242 миңден ашты.

Бишкекте коронавирус курмандыктарына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды
Бишкекте коронавирус курмандыктарына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды
Бишкекте коронавирус курмандыктарына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды
Бишкекте коронавирус курмандыктарына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты