Кыргызстанда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

  • 2 года мурун

2022-жылдын март айында Кыргызстанда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Хоккей боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти Айваз Оморканов жана Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов менен жолугушкан учурда белгилүү болду.

Жолугушууда Айваз Оморканов 2022-жылы март айында Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу дүйнө чемпионаты өтө тургандыгын маалымдады.

Мындан сырткары сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Айваз Оморканов дүйнөлүк чемпионат учурунда Хоккей боюнча эл аралык федерациясынын кеңешинин үчүнчү отуруму Кыргызстанда өтө тургандыгын кошумчалап, ага белгилүү француз хоккеисти Люк Тардиф келерин билдирди.

«Министр Жаманкулов Кыргызстанда өтө турган чемпионаттын масштабдуулугун жана Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен аны жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү боюнча иштерди колго ала тургандыгын белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Министр ошондой эле Кыргызстан хоккейди өнүктүрүү үчүн Хоккей эл аралык федерациясы менен иш алып барууга кызыкдар экендигин маалымдап, спорт коомчулугунун долбоорлорунун ар тараптан колдой тургандыгын белгиледи.

Сүрөт: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты