Салык кызматы январь айында 10,3 млрд сом салык жыйнады

  • 2 года мурун

2022-жылдын январь айында Мамлекеттик салык кызматы 10 млрд 326,2 млн сом салык жыйнады. Бул өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 157,5%га көп. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Салык кызматы өткөн айда пландалгандан 620,1 млн сом ашык чогултуп, бекитилген планды 106,4 пайызга аткарган.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын январь айында 6 млрд 556 млн сом салык чогултулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты