ИИМ: Жүргүнчү ташыган автобустан төрт килограммдан ашык маңзат табылды

  • 2 года мурун

Жумгал-Бишкек каттамы боюнча жүргүнчү ташыган автобустан төрт килограммдан ашык маңзат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 20-январында кечки саат 20:30дар чамасында ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери менен Аламүдүн РИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери “Бишкек-Нарын-Торугарт” унаа жолундагы “ГЭС-5” айланма жолунан  Жумгал районунун Чаек айылынан Бишкекти көздөй келе жаткан “Мерседес-Спринтер» үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу автобусту токтотуп, тинтүүгө алышкан.

Автобусту тинтүү учурунда унаанын багажынан желим бөтөлкөлөр салынган коробка табылган. Желим бөтөлкөлөрдүн ичинде 3 кг 485 грамм кескин жыты бар зат аныкталган. Мындан тышкары ачык күрөң түстөгү катуу зат салынган 58 даана ширеңке кутучасы чыккан. Бул заттардын жалпы салмагы 787 граммды түзгөн.

Бул заттарды мыйзамсыз сактоого шек саналып Жумгал районунун 1997-жылы туулган жараны кармалды.

Шектүү Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты